Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото — Түптүн 2 тургуну Россиядан 11 тонна китеп алып келип, мектептерге таратууда

Turmush -  Түп районунун тургундары Жалообай Бектурсунов менен Олег Турганбаев Россиядан 11 тонна китеп алып келишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Олег Турганбаевдин айтымында, китептерди алууга атайын долбоор жазышкан. Алар Түп районунун мектептерине таратылып жатат. Орус класстар үчүн физика, химия, биология жана башка баардык сабактар боюнча 21 миң 280 даана китеп алынып келинди.

«Бул китептерди алып келүүгө россиялык уюм жардам берди. Уюмдун башкы директорунун орун басары Ирина Василиевнага ыразычылык билдиребиз. Эми биздин балдардын бир катары жаңы окуу китептерди колдоно алат», - деди ал.

Түп районунда 13 мектепте орус жана кыргыз тилдеринде класстар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5864
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×