Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Нарын

Нарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Turmush -  Нарын шаарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи айлампасы башталды. Бул тууралу машыктыруучу Болотбек Бектемишов билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионатты баштоо алдында аянтта машыккандар бий көрсөтүштү. Турнирге Бишкек, Нарын шаарынан, Түп, Жумгал, Нарын, Ат-Башы райондорунан келген командалар катышып жатат. Алгачкы оюн Нарын шаары менен Ат-Башы районунун командаларынын ортосунда өтүп, нарындыктар 14:0 эсебинде жеңишке ээ болушту. Бишкек шаарынын «Кыргыз темир» командасы менен Нарын районунун «Кеңеш» командаларынын ортосунда өткөн оюнда Нарын районунун командасы 9:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2213
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×