Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ош

Аялдар эмне себептен жыныстык катнашты каалабай калышат? (Оштогу сексопатологдун кеңеши)

Turmush -  Тукумсуздук жана сексуалдык алсыздык көйгөйү менен арызданган жубайлар үчүн дарыгерлер бир катар ыкмаларды сунушташат. Буга байланыштуу жана урологиялык көйгөйлөр боюнча суроолорго Ош облустук адам репродукция борборунун уролог-андролог жана сексопатологу, медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук илимдер академиясынын медициналык көйгөйлөр боюнча институтунун илимий кызматкери, жогорку категориядагы дарыгер Дилшод Мирзакулов жооп берди.

Анын айтымында, адам баласына жыныстык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн табигый заттарды колдонуу талап кылынат.

«Жыныстык активдүүлүктүн төмөндөшү боюнча кайрылган жарандардын даттануусун уккандан соң анализдерин текшеребиз. Гормондордон баштап, спермограмма боюнча анализдер алынгандан кийин дарылануунун жолдорун айтып беребиз. Биз көбүнчө адамга зыяны тийбей турган дарыларды колдонгонго аракет кылабыз. Азыркы күндө жыныстык мүчөнү козготуучу дарылар көбөйүп кетти. Арасында ар түрдүүсү бар. Бирок айрымдар аларды бир нече жолу колдонгондон кийин да мурунку калыбына келбей калат. Ошондуктан жарандарга табигый заттарды сунуштайбыз.

Жыныстык активдүүлүгү төмөндөп кеткендерге жаңгак, бал, мейиз колдонууну, жумуртканы чийки ичүүнү, таза жылкынын этин, чучук, сүт-айран, балык, сарымсак, пияз колдонуу керектигин айтабыз. Бул табигый заттар эркектин күчүн көбөйтүүчүлөр болуп саналат», - деди ал.

Жыныстык активдүүлүк эркек кишиден гана эмес, аял кишиден да көз каранды. Акыркы учурда аталган борборго боюна бүтпөгөн аялдар да көп кайрыла башташты.

«Жыныстык активдүүлүк аял кишиден да көз каранды. Аял менен эркектин жыныстык катнашта чоң ролу бар. Учурда биздин борборго боюнда бүтпөй калган аялдар көп кайрылышат. Андан сырткары боюнан түшүп калуу, түйүлдүктүн өспөй калуусу, жыныстык жактан жугуучу оорулар боюнча жана айызы келбей калганда кайрылгандар өтө көп», - деди дарыгер.

Ошондой эле, дарыгерлерге уулдуу боло албай жатам деп кайрылган эркектер бар.

«Уруктук эркекте болот. Эркектин организминде эки кыл уругу болот. Бири — XY, экинчиси — XX. XY — эркектик урук, ал эми XX — аялдык урук болуп саналат. Аялдагы овуляциядан кийин жыныстык катнаш убагында эркектин спермасы бөлүнүп чыгып, сперматозоиддер тукум клеткасы тарапка жыла баштайт. Ошол убакта XY кирип калса уул, XX кирип калса кыз төрөлөт. Көп кыз төрөгөн аялдын жолдошу менен көп уул төрөгөн аялдын жолдошунун спермасын изилдеп, уруктугунун сапатына карап табигый таза азыктардан мүнөздөп тамак ичүүнү, жардам бериши мүмкүн делген дарыларды сунуштайбыз.

Эркектин сперматозоиддеринин көрсөткүчү 8ден төмөн болсо көпчүлүк учурда уул төрөлөт. Ал эми жогоруласа кыз төрөлөт. Мындай көйгөйлөр менен кайрылган жарандарга дарылоо жолдорун сунуштап, жыныстык катнашка туура келүүчү күндөрдү белгилеп беребиз», - деди дарыгер.

Ал эми, жыныстык катнашты каалабаган аялдарга психологиялык жардам алуу сунушталат.

«Жыныстык катнашты каалабаган аялдарга психологиялык кемчиликтерди оңдоо үчүн тиешелүү дарыгерге кайрылуу сунушталат», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15693
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×