Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 22.12.2017 10:23 Жаңыланды: 22.12.2017 10:53

Кыргызстандын Борбордук бажысын 39 жаштагы Ким Ин Сен жетектейт

Turmush -  Кыргызстандын Борбордук бажы кызматын мындан ары Ким Ин Сен жетектейт. Ал Султан Мамасадыковдун ордун ээлейт. Бул тууралуу Tazabek басылмасы жеке булактарга шилтеме берип маалымдады.

Жаңы жетекчи буга чейин бажы төлөмдөрү боюнча жетекчинин орун басары кызматын аркалап келген.

Ким Ин Сен 1978-жылы 7 сентябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Улуту корей, Кыргыз Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү.

Билими:

- Казандагы Суворов аскердик окуу жайы (1993-1996-жылдары);

- Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин (азыркы КУУ) бажы иштери бөлүмү (1996-2001-жылдары, күндүзгү окуу бөлүмү);

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция тармагында (2001-2004-жылдар, сырттан окуу бөлүмү) билим алган.

Ал Бажы кызматынын полковниги. Эмгек жолун 2001-жылы «Түндүк» темир жол бажы кызматынын бажы көзөмөл бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган.

Эмгек жолу тууралуу толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×