Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Нарын

Нарында сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү Дубайга жана Түркияга эс алууга жолдомо алышты (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Мисс жана Мистер-2017» кароо-сынагы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган сынакка студенттер жана окуучулардын арасынан тандалган 5 кыз жана 6 бала катышты. Сынактын уюштуруучусу Динара Чолпонбаеванын айтымында, талапкерлер калыстар тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарып, мыкты даярдыкта келишкендигин көрсөтүштү. Айрыкча үй тапшырмасына бардык катышуучулар жогорку деңгээлде даярданышкан.

Калыстар жыйынтыгында баш байгеге ээ болгондорго Дубайга, ал эми 1-2-3-орундарды багындырган жеңүүчүлөргө Түркиянын Стамбул, Анталья шаарларына бир жумалык саякаттоого жолдомолорду беришти.

Аталган сынак Нарын шаарында демөөрчүлөр тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5413
Көп окулду
×