Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Президент кортежи өтүп бара жатканда борбордук көчөлөрдү жабуудан баш тартты

Turmush -  Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик кортеж өтүп бара жаткан учурда борбордук көчөлөрдү толугу менен жабуудан баш тартты. Бул тууралуу буга чейин социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтарды АКИpress агенттигине өлкө башчынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Мындан ары президенттик кортеж өтүп бара жаткан учурда Айтматов проспектиси (Манас жана Тынчтык) толугу менен жабылбайт», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин борбордук көчөдөн кортеж өтүп бара жаткан учурда өлкө лидерлеринин коопсуздугу үчүн алардын коопсуздук кызматкерлеринин тапшырмасы менен милиция кызматкерлери унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй тосуп турушчу. Бул көрүнүштөн эртең менен жана кечинде унаалар, жөө жүргүнчүлөр жана коомдук транспорттор жолдон өтө албай, күтүүгө туура келгенине (айрым учурда 10 мүнөттөн ашык) нааразычылыктар айтылган.

Өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, мындан ары президенттин кортежи өтүп бара жаткан учурда жол толук тосулбай турган болду. Бирок кортеж жүрүп бара жаткан тилкеге башка транспорттор чыгарылбайт.

Президент Жээнбеков борбордук жолдон эртең менен саат 7:30-7:45 чамасында жана 20:00дөн кийин өтөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2903
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×