Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Кеминде «Конок тосуу маданияты» аттуу иш-чара уюштурулду (фото)

Turmush -  Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн 2017-жылдын 23-январындагы №16 буйругунун негизинде бүгүн, 21-декабрда А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебинде «Конок тосуу маданияты» аттуу иш-чара облустук деңгээлде өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча түзүлгөн пландын негизинде уюштурулду. Ага Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн адистери, Кемин райондук билим жана илим кызматкерлер профсоюз комитетинин төрайымы, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси катышты.

Иш-чаранын максаты — келечек муундарды улуттук баалуулуктардын негизинде тарбиялоо жана кыргыздын нукура салттарын чагылдыруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1801
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×