Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Баткен

Д.Рахманова таяк тартыш боюнча Москвадагы мелдеште күмүш медаль утту

Turmush -  Москва шаарында таяк тартыш боюнча өткөн дүйнөлүк кубокто күмүш медаль уткан кызыл-кыялык балбан айым Дилдора Рахманова кечээ, 20-декабрда кайтып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдеш 15-17-декабрь күндөрү өткөн. Ага жалпысынан 26 мамлекеттин спортчулары катышты. Аны «Ош» эл аралык аэропортунан машыктыруучусу Назирали Пазылов тосуп алды.

«Мен өз өлкөмө чет өлкөдөн жеңиш менен келгениме өтө кубанычтамын. Бул жеңиш менин жеңишим эмес, кыргыз элиники. Мелдеш учурунда ар кандай кыйынчылыктар болду. Мисалы, мени менен ат салышкан Украина, Германия, Финляндия, Россия мамлекеттеринини спортчулары өтө күчтүү болду. Ага карабай баардык атандаштарды жеңип, Россия мамлекетинин спортчусунан гана жеңилип калып, 2-орунду алдым. Буга чейин спорттун 5 түрү боюнча 8-9 жолу дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиону болгонго жетишкем», - деди спортчу айым.

Ал эми, машыктыруучусу Назирали Пазылов Дилдора Рахманова алыш күрөш, белбоо күрөш, таяк тартыш, кол күрөш, түркмөн күрөшү боюнча спорт чебери экенин кошумчалады. Ал 2016-жылдын мыкты спорчу айымы да болгон. Балбан айым Кызыл-Кыя шаарындагы өз үйүндө жана спорт залда машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1976
Көп окулду
×