Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Нарын мамлекеттик университети менен Кастамону окуу жайы кош дипломдуулукка кол коюшту (фото)

Turmush -  Нарын мамлекеттик университети менен Түркиянын Кастамону универститетинин ортосунда кош дипломдуулук боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Өмүралиева билдирди.

Анын билдиргенине караганда, 2017-жылдын 19-декабрында Нарын облусуна атайын иш сапар менен келген Түркиянын Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлган.

«Биз эки тараптуу келишимдерге кол койдук. Алардын биринчиси — кош дипломдуулук, бул эл аралык деңгээлдеги сапаттуу адистерди даярдап чыгарууда колдонулуп келген. Буга чейин Германиянын университеттери менен кош дипломдуулук боюнча иштешип келгенбиз. Мындан сырткары илимий-изилдөө иштерин, долбоорлорду аткаруу жана биздин университетте кыргыз-түрк факультетин ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле ветеринардык адистерди чогуу даярдаган ветеринардык клиниканы дагы ачууга келишим түзүлдү», - деди Д.Өмүралиева.

Нарын мамлекеттик университети 32 чет өлкөлүк университеттер менен келишим түзүп, биргеликте иштешип келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2611
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×