Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 21.12.2017 13:42

15 жаштагы Айжамал «Адеп — адамдын көркү» сынагында 2-орунду алды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 15 жаштагы тургуну Айжамал Калчаева «Адеп — адамдын көркү» деген темада эссе жазуу сынагына катышты.

Сынактын жыйынтыгында ал 2-орунга ээ болуп, 18 миң 400 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

«Балыкчы шаарында төрөлүп өскөм. Учурда Калыгул Бай улуу атындагы орто мектебинде 9-класста окуп жатам. Сынак тууралуу мугалимим айтып, катышып калдым. Анда «Адеп — адамдын көркү» темасы боюнча эссе жаздык. Мен жазган эссени комиссия жактырып, 2-орунга ээ болдум. Катышуучулардын баарын атайын класска киргизип, эссени ошол жерде жаздык. Орус жана кыргыз адабияты сабактарын жакшы окуйм. Бош убакта китеп окуп жана орус тили сабагынан олимпиадага даярданам. 1-классымдан бери эң мыкты окуган окуучулардын катарын толуктап келе жатам. Ыр, эссе жана дил баян жазып турам. Бул сынакка катышып, байгелүү орун алганым эң чоң жетишкендигим.

Мектепте өткөн ар кандай иш-чараларга активдүү катышам. Ошондой эле, мектептин билим министри болуп иштейм. Мектепти ийгиликтүү аяктап, келечекте каржы тармагында билим алсам деген максатым бар», - деди ал.

Айжамал үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×