Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Баракелде

Д.Зилалиевдин ордун убактылуу Б.Мураталиев ээлейт

Turmush -  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин төраганын орун басары Бакыт Мураталиев аткарат. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы билдиргенин Tazabek жарыялады.

Бүгүн, 21-декабрда Маммүлктүн төрагасы Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович отставкага кетти. Ал бул кызматка 2017-жылдын 23-ноябрында дайындалган эле.

«Мен кайсы жерде иштебейин дайыма так иштөөгө аракет кылчумун. Бирок жакында коюлган бомба тууралуу маалымат боюнча кылмыш иштин фигуранты болуп калдым. Аталган факты коомдо чоң резонанс жаратты. Электрондук басылмалар менен гезиттер бул боюнча массалык ызы-чуу жаратты. Бул жагдай менин ар-намысыма зыян келтирди. Мындан да маанилүүсү жалпы өкмөткө көлөкө түшүрүп жатат. Мындай жагдайдан улам аталган кылмыш иш боюнча иликтөөлөр аяктаганга чейин отставкага кетүү туура деп эсептейм. Мен премьер-министрге бул жөнүндө аразымды жазып бердим», - деп айтылат маалыматта.
Бомба чыры...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы текшерүүдө топтолгон материалдардын негизинде өкмөттүк жолдо жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иш козгогон. Кылмыш иш 1-декабрь күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүмүнүн (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Академиясынын курсанты берген маалыматка караганда, жардыруучу зат жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирген.

Учурда тараптардын көрсөтмөлөрү козголгон кылмыш иштин алкагында текшерилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ант берген күнү өкмөттүк жолдо бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү белгилүү болгон. Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү саат 09:15те ант берүү аземинде Манас көчөсүндө коомдук тартипти көзөмөлдөгөн курсантка кара түстөгү «Лексус» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 1522 ВК) келип, анын ичиндеги эркек киши жолдо жардыруучу зат бар экенин билдирип, «жакында бул жер жарылат» деп айткан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2032
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 14 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 5 адам окуп жатат)
×