Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Талас

Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп Д.Курманалиев дайындалды (резюме)

Turmush -  Бүгүн, 21-декабрда Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп Дамирбек Курманалиев дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, ал биринчи вице-мэрлик кызматка Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков тарабынан сунушталды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештин депутаттарынын баардыгы колдоду.

36 жаштагы Дамирбек Курманалиев Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында төрөлгөн. 2008-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен юриспруденция кесибине ээ болуп чыккан. Буга чейин КСДП партиясынын Талас, Чүй облустарындагы куратору болгон.

Буга чейин Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп Чыңгыз Мураталиев иштеген. Ал жакында өз каалоосу менен кызматынан кеткен болчу.

Жаңы вице-мэрдин резюмеси:

Аты-жөнү: Курманалиев Дамирбек Сагынбекович;

Туулган жылы: 1981-жыл 22-апрель;

Туулган жери: Талас облусунун Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылы;

Билими:

- 1997-2000-жылдары — Д.Асанов атындагы аскердик лицейде окуган;

- 2002-2008-жылдары — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция адистиги боюнча билим алган;

- 2010-2013-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

- 2003-2014-жылдары — жеке ишкер;

- 2008-2009-жылдары — «Питница» ишканасынын директору;

- 2009-2015-жылдары — «Аксес» ишканасынын юристи;

- 2011-жыл — «Эл канаттары» коомдук фондун негиздеген;

- 2011-жылдан азыркы учурга чейин Манас районунун спорттук күрөш федерациясынын президенти;

- 2017-жылдын бери парламенттеги КСДП фракциясынын катчылыгында серепчи.

Кошумча маалымат:

- 2011-жылдын 20-мартына чейин КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү;

- 2011-жылы президенттик шайлоонун алкагында иштеген;

- 2015-жылы КСДП партиясынын тизмесинде 86-орунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Окуя тууралуу:

12-декабрда Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев өз каалоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.

Өзүнүн айтымында, мындай чечим кабыл алуусуна агасынын (Марат Мураталиевдин) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы түрткү болгон.

«Менин бул чечимимди үй-бүлөм уга элек. Моралдык жактан эң туура чечим деп эсептейм. Бүгүн, 12-декабрь күнү кызмат ордумду бошотууга арыз жаздым. Мен бул кызматка 13-май күнү келгем», - деген Мураталиев.

Андан кийин:

18-декабрда Талас шаарынын биринчи вице-мэри Чыңгыз Мураталиев расмий түрдө кызматынан кеткени кабарланган.

Аны мэриянын жамааты ак калпак, чепкен кийгизип узаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4969
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×