Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 21.12.2017 10:27 На русском

Д.Зилалиев бомба боюнча кылмыш иштен улам убактылуу отставкага кетти

Turmush -  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчиси Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович отставкага кетти. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Мен кайсы жерде иштебейин дайыма так иштөөгө аракет кылчумун. Бирок жакында коюлган бомба тууралуу маалымат боюнча кылмыш иштин фигуранты болуп калдым. Аталган факты коомдо чоң резонанс жаратты. Электрондук басылмалар менен гезиттер бул боюнча массалык ызы-чуу жаратты. Бул жагдай менин ар намысыма зыян келтирди. Мындан да маанилүүсү жалпы КРнын өкмөтүнө көлөкө түшүрүп жатат. Мындай жагдайдан улам аталган кылмыш иш боюнча иликтөөлөр аяктаганга чейин отставкага кетүү туура деп эсептейм. Мен премьер-министрге бул жөнүндө аразымды жазып бердим», - деп айтылат маалыматта.

Д.Зилалиев аталган кызматка 2017-жылдын 23-ноябрында келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×