Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө облус башчысынын жаңы жылдык балатысына 250 бала катышат

Turmush -  Каракол шаарында 26-декабрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жылдык балаты майрамы өтөт.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, жаңы жылдык балаты К.Жантөшев атындагы драмалык театрда болот. Иш-чарага эң мыкты окуган окуучулар жана ата-энесинен ажыраган балдар катышат. Өкүлчүлүктүн жаңы жылдык балатысына жалпы 250 бала чакырылган.

Балдарга арналган иш-чара концерттик программа менен коштолуп, аларга таттуулар таратылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1780
Көп окулду
×