
Turmush - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын аталган ишканага жетекчи болуп дайындалышы тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Буга чейин ишкананы Орозбек Нусувалиев жетектеп келген.