Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Күн-Чыгыш айыл аймагында 240 майып адамга жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 240 адамга жардам көрсөтүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, айыл аймакта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 240 адам жашаса, алардын 20сы церебралдык шал (ДЦП) оорусу менен жабыркайт. Ал эми, 13 адам өз алдынча кыймылдай албайт.

Аларга жардам берүү максатында бир айлык жарыяланып, анын жүрүшүндө азык-түлүктөр жана көмүр таратылды.

Маалыматта белгиленгендей, жардам берүүгө жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом бөлүндү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1794
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×