Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.12.2017 11:56

Ак-Сууда 11 айдын ичинде 108 адам жаныбарлардан жабыр тартты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 11 айдын ичинде 108 адам жаныбарлардан жабыркап, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу райондук санитардык көзөмөлдөө борборунун адиси Т.Тезекбаев билдирди.

Анын айтымында, 54 адам иттерден, 8 адам жолбун иттерден, 4 адам келемиштен, 6 адам түлкүдөн, 15 адам жылкыдан жана 8 адам мышыктан жабыр тарткан.

Учурда жолбун иттердин саны көбөйүп жаткандыктан көйгөйдү чечүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×