Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Жогорку Кеңештин спикеринин учагы Ташкентке коно албай койду

Turmush -  Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков бүгүн, 20-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматкери Ибраим Нуракун уулу маалымдады.

Маалыматка караганда, Ташкенттеги коюу тумандан улам спикер отурган учак Самаркандга конууга мажбур болду. Иш сапардын алкагында спикердин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, сенат менен мыйзам чыгаруу палатасынын жетекчилери Нигматилло Юлдашев жана Нурдинжон Исмаилов менен жолугушуусу пландалган. Делегация «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» экспозициясына барат.

Мындын тышкары, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көрүстөнүнө гүлчамбар коюшат. Аталган иш сапар Н.Юлдашевдин чакыруусу менен уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6184
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×