Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.12.2017 09:30

Ак-Талаадагы «Асылзат-Шайыр апалар» тобу жердештерине концерт тартуулап жатышат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Асылзат-Шайыр апалар» тобу айыл аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундарга 2 сааттык концерт тартуулап жатышат. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Букен Турдубекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 9-декабрынан баштап ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү таланттуу апалардан куралган «Асылзат-Шайыр апалар» тобу айыл аймактарды кыдырып, элдин маанайын көтөрүшүүдө. Буга чейин алар Терек, Кара-Бүргөн жана Ак-Кыя айыл аймактарынын тургундарына концерт тартуулап келишкен болсо, ушул ишемби күнү алыскы Кош-Дөбө айылына сапар алышат.

«Эл өтө жакшы кабыл алып жатат. Жалпы 25 номур аткара турган болсок, концертибиз 1 жарым саатка созулмак. Бирок элдер сурангандыктан кайра-кайра ырдап берип жатып, 2 саатка созулуп жатат. Айылдарга барып-келүү жана башка чыгымдардын баары өз чөнтөгүбүздөн сарпталууда», - деди Б.Турдубекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×