Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Нарын

Жаңы-талаптык окуучулар «Тайлактын таланттуу тукумдары» ансамблин түзүштү (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында Байымбет атындагы орто мектебинин таланттуу окуучулары «Тайлактын таланттуу тукумдары» аттуу концерт тартуулашкандыгын мектептин мугалими Мээрим Кулманбетова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 19-декабрда аталган мектептин таланттуу окуучулары тарабынан жергиликтүү тургундарга кызыктуу концерт тартууланып, жалаң эркек балдардан турган «Тайлактын таланттуу тукумдары» аттуу ансамбль түзүлдү. Концерттин жүрүшүндө Тайлак баатыр туурасында чакан сценкалар коюлуп, 30 комузчу кыз «Маш ботой» күүсүн аткарып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1684
Көп окулду
×