Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Нарында 2017-жылдын мыкты дарыгерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын облусунда 2017-жылдын мыкты дарыгерлери аныкталды. Дарыгерлерди сыйлоо аземи 16-декабрь күнү болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чараны «Нарындын жаш дарыгерлери» тобу уюштурду.

Сыйлык алган дарыгерлердин тизмеси:

- «Терапевтикалык профилдеги мыкты дарыгер» — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн жетекчиси Ырыскүл Кусормамбетова;

- «Хирургия профилиндеги мыкты дарыгер» — Бейшен Исмаилов;

- «2017-жылдын мыкты жаш дарыгери» — Самат Асаналиев;

- «Дарт аныктоо профилиндеги мыкты дарыгер» — Нурлан Шалтаев;

- «Медицинага берилгендиги үчүн» — Батма Сарыгулова;

- «Бөлүмдүн мыкты жетекчиси» — Кудабай Кошумбаев;

- «Мыкты бөлүм» — жандандыруу бөлүмү.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Муратбек Атбаевдин айтымында, аталган иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. «Иш-чараны «Нарындын жаш дарыгерлери» тобу уюштурганы өзгөчө кубандырат. Топ бул ооруканага акыркы 3 жылдын аралыгында келген 16 жаш адистен түзүлгөн. Кардиология боюнча 2 жана урология боюнча 1 адис кандидаттык диссертация жазып жатат. Учурда ооруканада 8 клиникалык ординатор эмгектенет. Жергиликтүү бийликтин, администрациянын саламаттыкты сактоо уюмдарынын колдоосу жана жаштардын өздөрүнүн активдүү ишмердүүлүгү аймакка жаш кадрларды тартууда маанилүү роль аткарат», - деди ал.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, шаардын вице-мэри Н.Молдокадыров, Кыргызстандын «Жаш дарыгерлер ассоциациясынын» төрагасы Элзар Токтоназаров жана башкалар катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1858
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×