Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Улуттук банктын төрагалыгына Т.Абдыгуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылды

Turmush -  Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештеги Экономика жана фискалдык саясат комитетинин депутаттары Толкунбек Абдыгулов дун талапкерлигин Улуттук банктын төрагалыгына жактырышты.

Анын тажрыйбасын белгилеген эл өкүлдөрү экономиканы өнүктүрүүгө күч жумшап, жумушчу орундарды түзүүгө көңүл бурууну суранышты.

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) Т.Абдыгуловдон өкмөттөн эмне себептен кетип жатканын сурады.

«Биз мамлекеттик кызматкербиз. Сунуш болуп, өкмөткө баруу керектигин айтышты. Эми кайра кайтуу сунушталды, президент сунуштады», - деди Т.Абдыгулов.

Ал учурда вице-премьер-министрлик кызматта. Ага чейин биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Улуттук банктын төрагасы болуп Т.Абдыгуловдон кийин Кубанычбек Кулматов дайындалган. Аз убакыттан кийин ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына которулду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×