Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 19.12.2017 13:26 На русском

Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банкты башкарабы?

Turmush -  Толкунбек Абдыгуловду кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына сунуштоо тууралуу маалыматтар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев (КСДП) бүгүн, 19-декабрда билдиргенин Tazabek маалымдады.

Анын айтымында, Т.Абдыгуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештеги Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин кароосуна бүгүн сунушталышы мүмкүн.

Улуттук банктын жамааты, анын ичинде төрага оор учурда ишти жөнгө салганын айткан депутат: «Ал өзүн жакшы адис катары көрсөтө алды. Муну моюнга алуу керек. Улуттук банкка 2014-жылы каатчылык учурунда келген. Менин жеке оюмда ал (Т.Абдыгулов) иштей турган жерге кайтат», - деп кошумчалады.

Учурда Т.Абдыгулов вице-премьер-министр. Ага чейин биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×