Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ак-Кыяда обончу жана аткаруучу К.Жусуповдун адабий-музыкалуу кечеси өттү (фото)

Turmush -  Нарын районунун Ак-Кыя айылындагы М.Бекмуратов атындагы орто мектебинде композитор, обончу жана аткаруучу Камчыбек Жусуповдун чыгармачылыгына арналган адабий-музыкалуу кече өттү. Бул тууралуу директор Каныбек Бейшеев билдирди.

Маалым болгондой, кечеде музыка сабагынын мугалими Айжан Абдразакова композитордун чыгармачылыгына токтолуп, кеңири маалымат берди. Ал эми, окуучулар тарабынан обондуу ырлары аткарылды. Кеченин жүрүшүндө композитор аккордеондун коштоосунда бир нече чыгармаларын аткарып берип, көрүүчүлөргө эстетикалык рахат тартуулады. Кеченин аягында мугалимдер тарабынан даярдалган чакан белек Камчыбек Жусуповго берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1403
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×