Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Нарын

Фото - Ак-талаалык А.Акунова  «Кичинекей ханыша - 2017» сынагынын баш байгесин жеңип алды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучу кыздар арасында өткөн «Кичинекей ханыша - 2017» сынагынын баш байгесин 12 жаштагы Алина Акунова жеңип алгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 18-декабрь күнү аталган сынактын финалдык туру өтүп, анда 8 кыз өз өнөрүн тартуулоо, саркеч кийимдердин үлгүсүн көрсөтүү жана акыйнек айтышуу тапшырмасын аткарып беришти. Сынактын жыйынтыгында Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Алина Акунова 105 упай топтоп, баш байгени жеңип алды. Ага таажы, диплом жана баалуу белек ыйгарылды.

Ал эми, 104 упай топтогон Нурайым Абдымамытова 1-орунду, 104 упай менен Аэлита Керимжанова 2-орунду, 100 упай топтогон Алиман Асанбаева 3-орунду, ошондой эле 100 упай чогултуу менен Мирлан кызы Айпери, Исманкулова Аделина жана Өмүрбекова Акчолпон 4-орунду камсыздашса, 97 упай топтогон Гүлнур Жылдызбекова «Активдүү катышуучу» наамын алды.

Аталган сынак райондук маданият үйү тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Тема боюнча: Ак-Талаада «Кичинекей ханыша — 2017» сынагынын тандоо туру өттү (фото, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1786
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×