Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 18.12.2017 16:00 На русском

Р.Матраимовдун ордуна Бажы кызматына Ж.Исаков келди

Turmush -  Жениш Исаков кайрадан Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы тастыктаганын Tazabek маалымдады.

Ж.Исаков аталган кызматта 2013-жылдын июль айынан 2014-жылдын ноябрына чейин эмгектенген болчу.

Буга чейин бул кызматты Райым Матраимов ээлеп турган. 46 жаштагы Р.Матраимовду бул кызматка 2015-жылы 25-августта мурунку премьер-министр Т.Сариев дайындаган.

Матраимовдун бир туугандары — Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович (КСДП), Оштогу Кара-Суу районунун акими Матраимов Тилек Ысмаилович жана Матраимова Чынара.

Апасы — Апиза Матраимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×