Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Таластын вице-мэри Ч.Мураталиев расмий түрдө кызматынан кетти

Turmush -   Бүгүн, 18-декабрда Талас шаарынын биринчи вице-мэри Чыңгыз Мураталиев расмий түрдө кызматынан кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аны мэриянын жамааты ак калпак, чепкен кийгизип узатты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 12-декабрда Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев өз каалоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.

Өзүнүн айтымында, анын мындай чечим кабыл алуусуна агасынын (Марат Мураталиевдин) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы түрткү болгон.

«Менин бул чечимимди үй-бүлөм уга элек. Моралдык жактан эң туура чечим деп эсептейм. Бүгүн, 12-декабрь күнү кызмат ордумду бошотууга арыз жаздым. Мен бул кызматка 13-май күнү келгем», - деген Мураталиев.

Окуя тууралуу:

2017-жылдын 10-майында Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп КСДП партиясынан Чыңгыз Мураталиев шайланган. Анын талапкерлигин Талас шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында жалпы 27 депутат бир добуштан колдоп беришкен.

36 жаштагы Чыңгыз Мураталиев кесиби боюнча юрист. Кийин тоо-кен тармагы боюнча билим алган. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы ветеринардык лабораторияда айдоочулуктан баштаган. Ага чейин Жерүй кенинде юрист-консультант болуп эмгектенген.

Агасынын кызматы:

2017-жылдын 4-декабрында Мураталиев Марат Молдалиевич өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Облустун жаңы жетекчисин эмгек жамаатка вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырган.

50 жаштагы Марат Мураталиев Талас облустук мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Байымбет Мураталиевдин (2006-жылдын декабрынан 2008-жылдын 11-январына чейин) иниси.

Иниси Чыңгыз Мураталиев Талас шаарынын вице-мэри кызматында иштечү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4805
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×