Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада «Кош жылдыз» кароо-сынагы өтөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Кош жылдыз» кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият үйүнүн башчысы Курманжан Тиленбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өтө турган сынактын 1-туру 20-декабрда, ал эми финалдык туру 23-декабрь күнү өтөт.

Сынактын максаты — таланттуу, өнөрлүү адамдарды эл алдына алып чыгуу. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн тандоосунун негизинде жандуу үн менен 1 ыр аткарып берүү, элге кеңири жайылган ырлардан жана жергиликтүү обончулардын чыгармаларынан аткарып берүү тапшырмаларын аткарышат.

Эске салсак, бул сынак жыл сайын Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 764
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×