Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Нарын

Тоголок Молдо айылдык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча чукул штаб өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча 16-декабрь күнү чукул штаб өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Тоголок Молдо айылдык кеңештин депутаттары 2 жолу айыл өкмөт башчысын шайлабагандыктан тараганга мажбур болушкан. Ал эми, штабда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо коомдук тартиптин күчөтүлүшү, электр энергиянын өчүрүлбөшү, шайлоо урналарынын жана башка жабдыктардын даяр болушу, шайлоочулардын тизмесин так аныктоо, ошондой эле шайлоо өтчү тилкенин жылуулук менен камсыздалышы боюнча тийиштүү мекеме-ишканалардагы жетекчилерге тапшырма берилди.

2016-жылы шайланган айылдык кеңештин депутаттары да 2 жолу айыл өкмөт башчысын шайлай албай тарап кетишкен эле. Кийинки шайлоо 2018-жылдын 28-январь күнүнө белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1521
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×