Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Баракелде

Баракелде! Омар эл аралык Silk Way Star сынагында жеңүүчү болду (видео)

Turmush -  Эстрада ырчысы Омар Казакстандын Алмата шаарында өткөн Silk Way Star музыкалык сынагында 1-орунду алды. Бул тууралуу Кыргызстандын эл артисти Гулнур Сатылганова социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

«Жакшы жаңылык менен бөлүшөйүн, Омар Silk Way Star эл аралык сынагында жеңишке ээ болуп, 1-орунду алды. Тогуз өлкөнүн ичинен Кыргызстан жеңишке ээ болду. Куттуктайбыз, азаматсың Омар», - деп жазды.

Г.Сатылганова 2-орунду Казакстан, 3-орунду Азербайжан жана Татарстан алганын кошумчалады.
Ал аталган сынакта калыстардын катарын толуктаган болчу.

Омар Limon.KG басылмасына 3 айга созулган сынакка Кыргызстандын атынан катышып, жеңишке ээ болгонун билдирди.

«Мага кыргыз эли, досторум, ата-энем жана жубайым Диана колдоо көрсөттү. Казак эли да жакшы тосуп алды. Абдан жагымдуу болду. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине жана күздөгү тойлорго катышыуудан баш тартып, Кыргызстандын атынан эл аралык сынакка катыштым», - деди ал.

Silk Way Starдын сынактык шоусу 12 эпизоддон туруп, анын ар биринде ырчылар белгилүү тема боюнча жарышышты. Катышуучулар өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү белгилүү ырларды ырдап, экинчи бөлүктө казак ырларын эне тилинде ошондой эле, атаандаш өлкөлөрдүн, ата мекендик композиторлордун чыгармаларын аткарышты. Ал эми, Омар азербайжан тилинде ырдады.

Аталган сынакка Кыргызстандын, Тажикистандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Грузиянын, Татарстандын жана Башкортостан Республикасынын белгилүү ырчылары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2276
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 26 адам окуп жатат)
×