Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Ак-Талаада «Кичинекей ханыша — 2017» сынагынын тандоо туру өттү (фото, видео)

Turmush -  Ак-Талаа районунда кечээ, 15-декабрда «Кичинекей ханыша – 2017» кароо-сынагынын тандоо туру өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, аталган сынак райондун маданият бөлүмү тарабынан жыл сайын өткөрүлөт.

Бул жылы сынакка 6 жаштан 12 жашка чейинки 14 таланттуу кыз катышты. Алар саламдашуу, өз өнөрүн тартуулоо жана саркеч кийимдердин үлгүсүн көргөзүү тапшырмаларын аткарышты.

Тандоо турунун жыйынтыгында 8 кыз финалга өттү. Алар:

Алиман Асанбаева — Терек айылы, Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучусу;

Асема Сатыбалдиева —Терек айылы, К. Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучусу;

Аэлита Керимжанова — Баетов айылы, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу;

Айпери Мирлан кызы — Баетов айылы, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу;

Гүлнур Жылдызбекова — Баетов айылы, Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу;

Нурайым Абдымамытова — Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу;

Нурайым Маметова — Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу;

Аделина Иманкулова — Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу.

Сынактын финалы 18-декабрь күнү болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2122
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 19 адам окуп жатат)
×