Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Дүйнө 15.12.2017 15:27

Англияда бейтаптардын бөйрөгүнө өзүнүн атын жазган дарыгер жазаланат

Turmush -  Англиялык хирург Саймон Брэмхолл сот алдында өзүнүн аты менен фамилиясынын баш тамгасын операция учурунда 2 бейтаптын органына калтырганын моюнуна алды. Бул тууралу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Саймон Брэмхолл 2013-жылдын февраль жана август айларында бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасаган. Ал лазер нурунун жардамы менен бейтаптын органына SB тамгаларын түшүргөн. Дарыгер денеге залал келтирүү беренеси боюнча эмес, кол салуу беренесинин негизинде күнөөсүн мойнуна алды.

Хирургдар лазер нурун бөйрөктөгү кан агууну токтотуу ошондой эле, операция жасалчу жерди белгилөө үчүн колдонушат. Негизинен белгилүү убакыт өткөндөн кийин ал тактар жоголот. Бирок аталган хирург операция жасаган бейтапта так кеткен эмес. Бул башка дарыгер ал бейтапка кайрадан операция жасаган учурда аныкталган.

Прокурор Тони Бэденочтун айтымында, бул өзгөчө жана оор иш. Мындай учур буга чейин болгон эмес.

С.Брэмхолл Англиянын Бирмингем шаарындагы ханыша Елизавета атындагы ооруканада 12 жыл иштеген. 2014-жылы ага каршы дисциплинардык иликтөө башталганда ал жумушунан бошогон. Муну менен катар анын бейтаптарынын бири жергиликтүү Birmingham Mail гезитине аталган дарыгер анын өмүрүн сактап калганын айтып, анын кызматын кайтарып берүүгө чакырган.

Маалыматта белгиленгендей, хирургга өкүм 12-январда угузулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×