Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 15.12.2017 13:38

Чоң-Кара-Буурада жаңы ФАП ачылды

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара-Буура айылында жаны фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Нурдин Анаркул уулу билдирди.

Анын айтымында, Катар мамлекети каржылаган ФАПтын курулушу 4 айда бүттү.

«4 ай ичинде жумушу толугу менен бүтүп колдонууга берилди. Имаратты курууга 27 миң доллар кетти. Курулушу жана ичиндеги жабдыктары менен жалпы 45 миң доллар акча сарпталды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×