Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Кочкордогу оорукананын кулак-мурун оорулары бөлүмүнө медициналык жабдуулар алынды (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы аймактык оорукананын кулак-мурун оорулары бөлүмүнө заманбап медициналык жабдуулар алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган бөлүмдүн дарыгери Анарбек Абакиров маалымдады.

Белгилүү болгондой, бул бөлүмгө тамак, боор, өпкө ооруларына дарыларды буулап киргизүүчү эквалайзер ингалятор, кулак, тамак, мурун ооруларын көрүүчү отоскопия, кулак оорусунун ичин, ортоңку кулакты текшерүүчү аудиометр сыяктуу заманбап медициналык жабдуулар коомдук фонд тарабынан алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1749
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×