Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 15.12.2017 23:50

Башкы хирург К.Койчуев 5 миңден ашык бейтаптын өмүрүн сактап калды

Turmush -  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын башкы хирургу Калбай Койчуев 28 жылдан бери 5 миңден ашуун операцияларды жасаган. Алардын ичинен 1 миңден ашууну оор операция болду, деп эскерди.

«1989-жылдан бери ушул ооруканада хирург болуп иштеп жатам. Мен эмгек жолумду тез арада чара көрүүчү хирургия бөлүмүндө баштагам. Биз боорго, көк боорго, жоон ичеги, ичке ичегиге, ашказанга жана башка органдарга операция жасайбыз. Бул ооруканага Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык региондордон бейтаптар келишет.

IMG-20171214-WA0062

Кээде күнүнө 2-3 операция жасап калабыз. Кээде бир операция болот. Ар бир операцияны кылдаттык менен өткөрүүгө аракет жасайм. Анткени бейтаптардын өмүрү биздин колубузда турат. Колубуздан келишинче операцияны ийгиликтүү аяктаганга аракет кылабыз», - деди ал.

Акыркы учурда Ош облусунун райондорунда мите курттардан жабыркаган бейтаптар көбөйгөнүн кошумчалады.

«Алай, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Ноокат райондорунан келген бейтаптар көп кездеше турган мите курт ооруларынан жабыркап келишет. Айрыкча боорду жабырката турган эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары абдан көбөйүп кетти. Мурункуга салыштырмалуу, айрыкча альвеококкоз оорусу көбөйдү. Дырылоодо бизге көптөгөн кыйынчылыктар жаралып, айрым бейтаптарды Индияга, Түркияга жөнөтүүгө аргасыз болуудабыз. Себеби оорусу өтүшүп келген бейтаптардын боорун алмаштырууга туура келет. Тилекке каршы бизде боорду алмаштыра турган шарт, керектүү жабдыктар жок», - деди дарыгер.

Башкы хирург адамдардын өмүрү үчүн күндөп-түндөп кесиптештери менен биргеликте кызматта даяр турушат. Ар кандай кырдаалдарда ар бир секунд өтө баалуу, дейт дарыгер.

«Бизде чоң операциялар абдан көп болот. Өт чөйчөкчөсүндө таш туруп калса же өттө таш болуп калган учурда операция жолу менен дарылайбыз. Мындан сырткары ашказандын жарымынан көбүн кесип алып, кайра ичегиге улайбыз. Жоон жана ичке ичегилердин жарымын алып, кайра улайбыз.

Бир бейтапты оорудан айыктыруу үчүн 5-6 жолу операция жасаган күндөр болот. Жакында жол кырсыктан ички органдары катуу жабыркаган оор абалдагы бейтап келди. Ага 6 жолу операция жасадык», - деди К.Койчуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×