Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Жаш билерман» интеллектуалдык оюн өттү (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарында мектеп окуучуларынын катышуусунда «Жаш билерман» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучу Хаким уулу Апсамат билдирди.

Анын айтымында, оюндун максаты мектеп окуучуларынын интеллектуалдык деңгээлин жана предметтер боюнча алган билимин канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн аныктоо.

«Бул оюн Нарын жергесинде үчүнчү жолу өтүп жатат. Ага Нарын шаарындагы бардык мектептер жана райондордон бирден командалар катышууда. Ар бир топто алтыдан окуучу катышып, өздөрүнүн тандаган предметтери боюнча берилген суроолорго жооп беришет.

Биринчи айлампанын жыйынтыгында балдар арасында 2 миң 600 упай менен Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучулары 1-орунду ээлешти. Ал эми, кыздар арасында 1-орунду Нарын шаарындагы №1 Токтогул орто мектебинин окуучулары алып, экинчи айлампага өтүштү», - деди ал.

Аталган оюндун байге фондусу 50 миң сомду түзүп, экинчи айлампасы келерки жылдын февраль айында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1034
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×