Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Баракелде

Видео — С.Жээнбековдун Өзбекстанга болгон алгачкы расмий иш сапары

Turmush -  Кечээ, 13-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга болгон расмий иш сапардын алкагында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен «Куксарой» резиденциясында жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн президенттери ардактуу кароол менен учурашып, делегацияларды тааныштыргандан кийин, Өзбекстанда аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык миссия башчылары менен учурашты. Андан соң мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүү үчүн сүйлөшүүлөр залына бет алышты. Андан кийин сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылды.

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду тосуп алып жатып, 2017-жыл Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердеги тарыхый жыл болгондугун баса белгиледи.

«Акыркы 6 жылдын аралыгында Алмазбек Атамбаев көп реформаларды жасады. Кыргызстандын бүгүнкү багытын жалпы эл колдоп жатат. Кыргызстандагы шайлоолор бүт дүйнөгө бийликти демократиялык жол менен цивилизациялуу өткөрүп берүүнүн мисалын көрсөттү. Кыргызстан эли Алмазбек Атамбаев мындан 6 жыл илгери баштаган жолду тандап алгандыгына биз кубанычтабыз. Сиздердин өлкөдөгү президенттик шайлоо бул реформалар улантылаарын көрсөттү. Өзбек эли дагы сиздин жеңишиңизге абдан кубанды», - деди Өзбекстандын президенти.

Ал буга катар эле Өзбекстан үчүн тышкы саясатта кошуналар менен достук мамиле артыкчылыктуу болуп саналаарын өзгөчө белгиледи.

Биздин эң жакын кошунабыз – Кыргызстан. Бизде чек ара болбошу керек. Биз такыр башка деңгээлде алдыга гана барышыбыз керек. Биз тил табышабыз деп ишенем. Ал эми ортодогу маселелерди чечебиз. Айрыкча чек арада канатташ жайгашкан райондордун жашоочулары бизден чечимдерди күтүп жатышат», - деди Мирзиёев.

Өзбек президенти өз сөзүндө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү жөнүндө айтты.

«Бул жылдын акырына карата 250 млн доллар. Мунун өзү биз жөн гана чек араны ачпастан, бири-бирибизге чын дилибизди ачканыбызды ырастап турат. Мамилелерди такыр башка жаңы деңгээлге чыгарууда көп нерсе президенттерге байланыштуу болот. Биз эл каалаган нерселерди жасап жатабыз. Адамдар бардык жакшы иштерди эртең эмес, бүгүн көргүсү келет», - деди ал.

Кыргызстандын ррезиденти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Өзбекстандын президентине ыраазычылык билдирди.

«Биз алгачкы мүнөттөн тартып салттуу өзбек меймандостугун сездик. Жылуу кабыл алганыңыздар үчүн биз абдан ыраазыбыз. Бул менин мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарым. Кыргызстан биздин боордоштук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү турат. Биз буга абдан кызыктарбыз. Куттуктоолоруңуз жана жакшы каалоолоруңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. 2017-жыл биздин мамилелердеги бурулуш, тагдыр чечкен, тарыхый жыл. Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга, Сиздин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлар болду. Бул биздин өз ара мамилелерди эң жогорку деңгээлге көтөрдү. Абдан бийик стратегиялык өнөктөштүккө жеткирди. Ал үчүн абдан зор иштер аткарылды. Акыркы жылы жасалгандай иштер чейрек кылымда жасалган эмес. Мен мамлекеттин жаңы президенти катары жетишилген макулдашуулар күчүндө экендигин ырастайм. Элибиздин жыргалчылыгы үчүн аларды ишке ашыруу үчүн мен бардык күч-аракетимди жумшайм», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге «Данакер» орденин тапшырды.

«Сиз чындыгында эле кыргыз-өзбек мамилелериндеги достуктун жана жакшылыктын жаратуучусу болуп калдыңыз. Сиз Алмазбек Шаршенович менен бирге биздин өлкөлөр ортосундагы жакшы кошуналыкты тереңдетүү үчүн бекем пайдубал түздүңүздөр. Бекем саясий эркиңиз үчүн жана биздин ортобуздагы эки тараптуу мамилелерге жан дилиңиз менен кам көргөнүңүз үчүн сизге чоң рахмат», - деди кыргыз президенти.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү орнотууга, салт болуп калган достукту жана ынак коңшулаштыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1800
Көп окулду
×