Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарында «Манас» эпосунун күнү белгиленди (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнагүл Ашырбаева билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында улуу манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өткөн. Ага шаардагы мектептердин мугалимдери, мектеп окуучулары, билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө манасчылар эпостон үзүндүлөрдү айтышып, эпосту канчалык деңгээлде билерин далилдешти. Ал эми, мугалимдер «Манас» эпосу боюнча жеткиликтүү маалымат беришип, көрүүчүлөрдү кызыктырган айрым суроолорго жооп беришти. Ошондой эле, мектеп окуучалары Манастын балалык чагын сахналаштырып көрсөтүштү.

Бул иш-чаранын максаты «Манас» эпосун сактоо, жайылтуу, даңазалоо болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Көп окулду
×