Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Нарын

Ак-Талаада алыскы кыштоодогу малчылардын ден соолугу текшерилди (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы алыскы кыштоодогу малчылардын ден соолугу текшерүүдөн өткөндүгүн айылдык кеңештин төрагасы Аскар Жунусов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 13-декабрда айылдык кеңештин депутаттары, айылдын жаштары жана медицина кызматкерлери менен биргеликте алыскы кыштоодо мал багып жатышкан чабандардын ал-акыбалын сурашып, азык-түлүк тапшырышты. Ошондой эле, алардын ден соолугу текшерүүдөн өткөрүлдү.  Андан сырткары, 1 жаштагы балдарга сасык тумоого каршы бекер дары-дармектер таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1059
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×