Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Самаркандекте ич келтеге кабылган үй-бүлөдөн 2 жашар кыз дагы ооруканага жаткырылды

Turmush -  Самаркандек айылындагы 2 жашар кыз ич келте оорусуна шектелип, 7-декабрда облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Нурлан Салиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 3-декабрда кыздын 1980-жылы туулган апасы жана анын 2009-жылы туулган эжеси жана 2011-жылы туулган агасы да ич келте оорусуна кабылып, облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган болчу. Учурда бул үй-бүлө жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1788
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×