Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.12.2017 14:37

Президент С.Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти (делегациянын курамы)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда расмий сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк расмий сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат жана анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстандын парламентинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу пландалган.

Кыргызстандык делегациянын курамы:

- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков;

- вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов;

- Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков;

- Жогорку Кеңештин депутаты Ильхом Маннанов;

- өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов;

- транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

- экономика министри Артем Новиков;

- Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

- Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абулгазиев;

- өкмөттүн чек ара маселелери боюнча Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы атайын өкүлү Курбанбай Искандаров;

- президенттин жардамчысы Эрнис Толтоев;

- Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Канат Аманкулов;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев;

- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов;

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дуйшенбек Зилалиев;

- президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев;

- БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×