Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Ош
11:09  26.04.2018

Оштогу клиникалык балдар ооруканасына эки күндө 446 бейтап кайрылды

Turmush -  Ош облустук клиникалык балдар ооруканасына 11-12-декабрь күндөрү 446 бейтап кайрылып, алардын 90у ооруканага жаткырылды.

Башкы дарыгер Элнура Боронбаеванын айтымында, ооруканага негизинен вирустук инфекция менен жабыркаган бейтаптар кайрылат. Алар өпкө оорулары жана дем алуу көйгөйлөрү менен оор абалда келишет.

«Жандандыруу бөлүмүндө оор абалда 9 бейтап жатса, алардын көбүнчөсү кичинекей балдар. Бүгүнкү күндө стационар толуп, анда 417 адам жатат. Аладын ичинен 74 бейтап курч вирустук инфекция менен жабыркаса, алардын көбүнчөсү балдар. Учурда бош орундар жок. Буга байланыштуу кызматкерлер бейтаптарды коридорго жаткырууга мажбур болууда. Дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп, жардам катары педиатрия кафедрасынын биринчи жана экинчи жылдардагы клиникалык ординаторлору тартылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1310
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×