Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ак-талаалык окуучулар комузчу Н.Абдрахмановдун жаркын элесине арналган сынакта байгелүү орундарды алышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн күүчүлөрдүн сынагында алдыңкы орундарды камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин комуз ийриминин мугалими Нурайым Исаева билдирди.

Маалым болгондой, залкар комузчунун жаркын элесине арналган республикалык күүчүлөрдүн сынагына жалпы 25 талапкер катышып, алар Н.Абдрахмановдун күүлөрүн мыкты деңгээде аткарып беришти. Сынактын жыйынтыгында Чынболот Эсенгулов «Соң-Көл баяны», «Аттила» жана «Мезгил жаңырыгы» күүлөрүн аткарып берүү менен 1-орунду жеңип алып, диплом, өрүк комуз жана 20 миң сом менен сыйланса, Аслан Жээнбеков «Сүймөнчүлүк» наамына татыктуу болуу менен диплом жана 5 миң сом менен сыйланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1733
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×