Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ош

Туристтер үчүн «Сулайман-Тоо» комплексинде биринчи жолу музей дүкөн ачылды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде алгачкы жолу сувенирлер дүкөнү ачылды. Ачылыш аземге Россиянын Оштогу консулу Роман Свистин, Оштогу сүрөтчүлөр союзунан, Ош шаардык маданият башкармалыгынан өкүлдөр катышты.

Буга чейин музейге келген туристтердин көпчүлүгү сувенирлерди сурашчу, деди музейдин консультанты Үмүтай Атамкулова.

«Сувенирлер дүкөнчөсү Кыргызстандын түштүк аймагындагы музейлердин коллекциясын даңазалоо жана аны дүйнө элдерине жайылтуу максатында ачылып жатат. Дүкөндөгү буюмдардын негизин Т.Садыков атындагы сүрөтчүлөр музейинин кызматкерлеринин, сүрөтчүлөр союзунун сүрөтчүлөрүнүн эмгектери түзөт. Ошондой эле, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн, усталардын жасаган буюмдары коюлду.

Бул дүкөн ЮСАИДдин бизнести өнүктүрүү программасынын демөөрчүлүгүндө ачылды», - деди Ү.Атамкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1504
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×