Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 12.12.2017 21:48

Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» эл аралык кинофестивалы башталды

Turmush -  Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрү, Грузия жана Балтиянын «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Маалым болгондой, кинофорум мурдагы СССРдин аймагындагы өлкөлөрдүн, Балтия жана Грузиянын ортосунда маданий байланышты бекемдөө, ошондой эле кинематография тармагында тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

Бул жылы кинофестивалга катышууга чет өлкөлүк жана жергиликтүү кинематографисттерден 250 билдирүү түштү. Фестиваль 2 сынактык (эл аралык жана улуттук) программаны камтыйт. Ага документалдык, анимациялык жанрдагы жана эксперименталдык тасмалар катышат. Эл аралык программага ар кайсы өлкөнүн 14 тасмасы, ал эми улуттук программага 15 кыска метраждуу тасма катталган.

Сынакка Кыргызстандын өкүлдөрүнөн тышкары Азербайжандын, Беларусь Республикасынын, Армениянын, Казакстандын, Латвиянын, Литвиянын, Эстониянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Молдова Республикасынын жана башка мамлекеттердин режиссерлору келет.

Кинофестиваль 15-декабрь күнү жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×