Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Талас

Таластын вице-мэри Ч.Мураталиев агасынын кызматына байланыштуу өзүнүн кызматынан кетүүгө арыз жазды

Turmush -  Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев өз каалоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, анын мындай чечим кабыл алуусуна агасынын (Марат Мураталиевдин) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы түрткү болду.

«Менин бул чечимимди үй-бүлөм уга элек. Моралдык жактан эң туура чечим деп эсептейм. Бүгүн, 12-декабрь күнү кызмат ордумду бошотууга арыз жаздым. Мен бул кызматка 13-май күнү келгем», - деди Мураталиев.

Окуя тууралуу:

2017-жылдын 10-майында Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп КСДП партиясынан Чыңгыз Мураталиев шайланган. Анын талапкерлигин Талас шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында жалпы 27 депутат бир добуштан колдоп беришкен.

36 жаштагы Чыңгыз Мураталиев кесиби боюнча юрист. Кийин тоо-кен тармагы боюнча билим алган. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы ветеринардык лабораторияда айдоочулуктан баштаган. Ага чейин Жерүй кенинде юрист-консультант болуп эмгектенген.

Агасынын кызматы:

2017-жылдын 4-декабрында Мураталиев Марат Молдалиевич өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Облустун жаңы жетекчисин эмгек жамаатка вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырган.

50 жаштагы Марат Мураталиев Талас облустук мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Байымбет Мураталиевдин (2006-жылдын декабрынан 2008-жылдын 11-январына чейин) иниси.

Бир тууган иниси Чыңгыз Мураталиев Талас шаарынын вице-мэри кызматында иштечү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4304
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×