Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Чүй

Чүй ОИИБдин жаңы башчысы Н.Сарчаев эмгек жамааты менен таанышты

Turmush -  Чүй ОИИБдин жыйындар залында ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Данияр Абдыкаров Чүй ОИИБдин эмгек жамаатын жаңы башчы — милициянын полковниги Нурлан Сарчаев менен тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

WhatsApp Image 2017-12-12 at 11.20.21

Өмүр баяны:

Сарчаев Нурлан Асылбекович — милициянын полковниги. 1975-жылы 28-ноябрда Чүй облусунда төрөлгөн.

Билими:

- 1997-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында юриспруденция адистигин алган.

Эмгек жолу:

- 1993-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин №18 аймактык милиция пунктунун нөөмөт бөлүмүнүн инспектору;

- 1998-жылдан баштап Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери жана улук ыкчам кызматкери. Ошондой эле, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;

- Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Ата РИИБдин жетекчисинин орун басары, Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары, ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысы, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары, Нарын ОИИБдин башчысы.

Мамлекеттик «Даңк» медалы жана укук коргоо органдарынын бир нече сыйлыктары менен сыйлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×