Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баракелде

А.Салиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Алмамбет Салиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Алмамбет Салиев буга чейин Өкмөттүн аппаратында иштечү.

Мурда Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматын Эльвира Сариева ээлеп келген.

Алмамбет Салиевдин резюмеси:

Туулган жылы: 1983-жылы 8-ноябрь

Туулган жери: Алай районунун Гүлчө айылы

Билими:

- 2005-жылы Ош мамлекеттик университетинен юриспруденция адистигине ээ болуп чыккан;

- 2007-жылы ИИМдин атайын орто мектебин аяктаган;

- 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит боюнча адистик алган.

Эмгек жолу:

- 2016-жылдын май айынан 2017-жылдын декабрына чейин Өкмөт аппаратынын укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

- 2016-жылдын апрель-май айларында КРнын өкмөт башчысынын жардамчысы;

- 2012-жылдын сентябрынан 2016-жылдын апрелине чейин Өкмөт аппаратынын укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2011-жылдын январынан 2012-жылдын сентябрына чейин Ош облустук мамлекеттик администрациясынын укук тартиби жана коргонуу иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын январына чейин Ош облустук мамлекеттик администрациясынын укук тартиби жана коргонуу иштери боюнча секторунун жетекчиси;

- 2009-жылдын мартынан 2010-жылдын июнуна чейин Ош облустук мамлекеттик администрациясынын укук тартиби жана коргонуу иштери боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2008-жылдын июнунан 2009-жылдын мартына чейин Ош ОИИБдин кызматкери;

- 2004-жылдын мартынан 2008-жылдын апрелине чейин «Апел-фарм» ишканасында иштеген.

Класстык чиндери: Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Юстиция министрлигинин, ИИМдин, ӨКМдин, Бажы кызматынын, ЖАМКтын, Өкмөт аппаратынын, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, УКМКнын бир катар сыйлыктары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2285
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×