Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Баткен

Элдик уламыш: Ичинде күмүш жылтыраган Кан-и-Гут үңкүрү жөнүндө Али ибн Сина да жазган (фото)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылындагы Кан-и-Гут үңкүрүнүн аталышы фарсы тилинен которгондо «Өлүм кени», «Барса келбес» дегенди түшүндүрөт.

Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдиргендей, Кан-и-Гут үнкүрү тууралуу байыркы атактуу дарыгер Али ибн Синанын 1-кылымдагы эмгегинде жазылган. Анда «Кут деген аталыштагы жай бар, акылмандар казынасын ошол жерге калтышырышкан. Ага кошуп каргышты да көмүшкөн» деп жазылган. Божомол менен узундугу 300 чакырымды түзгөн бул үңкүр жөнүндө түрдүү кептер айтылып келет.

«Байыркы доордо үңкүрдөн 500 жыл бою кен казылып алынган. Андан соң Кокон хандыгынын мезгилинде жана Совет доорунда 1949-жылдан 1955-жылга чейин да күмүш рудалар алынып, 1 тонна рудадан 300 г 15 кг чейин күмүш алынып, бул абдан бааланган. Бирок жер астынан суунун деңгээли көтөрүлүп кетип, аны канчалык тарткан менен деңгээли азайган эмес. Ошол себептен СССР ишти токтотуп коюуга аргасыз болгон», - деди Кадыров.

Кан-и-Гут үңкүрү лабиринт сыяктуу казылып, ар тарапка кеткен туннелдер бар. Башка кен шахталарынан айырмасы бир да тирөөч колдонулган эмес. Анткени таштын курамында күмүштүн өлчөмү көп болгондуктан урап кетүү коркунучу жок. Үңкүрдүн ичи да күмүш түстө жылтырап турат. Кан-и-Гут үңкүрү 1888-жылы, андан соң 1920-жылы орус изилдөөчүлөрү тарабынан изилденип, картасы чийилген. Андан бери толук изилденбей келет.

Тарых жана маданият жылында мамлекет тарабынан тарыхый мааниге ээ жерлерди изилдөө колго алынбагандыгы өкүндүрөт, дейт маданият кызматкери Сайдимар Султанмуратов.

«Тарых жана маданият жылы деп Көчмөндөр оюндары жана башка иш-чаралар өткөрүлгөнү менен биздин байлыктарыбыз жаткан жерлер көмүскөдө калып калууда. Мындай сырдуу жерлерибизди тарыхый жайга айлантып, туристтердин санын көбөйтсөк болот. Ал үчүн мамлекет да көңүл буруп, колдоо көрсөтсө ишке ашыра алабыз», - деди Султанмуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4028
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×