Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 11.12.2017 22:15

Ысык-Көлдө эл аралык кинофестиваль өткөрүү пландалууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жыл сайын өтүүчү эл аралык кинофестиваль уюштуруу пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде депутат Каныбек Иманалиев («Ата Мекен») билдирди.

Анын айтымында, фестивалды жайкы сезондун башталышында өткөрүү пландалууда. Эл өкүлү белгилегендей, муну менен туризмди жарнамалоого жана кинематографияны колдоого шарт түзүлөт.

Токтом долбоорду Жогорку Кеңеш демилгеледи жана анын түзүүчүсү КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясы болуп эсептелет.

«Макулдашууга жазында КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын отурумунда кол коюлат», - деди депутат.  

Комитеттин мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгында демилгени жактырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×